Бейтараптык

Нейтралитет‎»‎ барагынан багытталды)

Бейтараптыксогушка катышпоо, тынчтык мезгилинде согуштук блокторго (бирликтерге) кирбөө. Бейтараптыктын мааниси — саясий, экономикалык жана башка күрөштөрдө каршылашкан топторго кошулбоо. Эл аралык мамилелердин көз карашы боюнча бейтараптык мамлекеттин өзгөчө эл аралык укуктук макамы болуп саналат.

Бейтараптыктын төмөнкүдөй түрлөрү бар:

  • куралданган бейтараптык (согушка толук даяр болуу менен нейтралитетти сактоо);
  • эвентуалдык бейтараптык (конкреттүү согушта бейтараптыкты сактоо);
  • позитивдүү бейтараптык (согуштарда бирликтирге катышпоо);
  • туруктуу бейтараптык (агрессиядан коргонуудан башка учурларда согушка таптакыр катышпоо жөнүндө мамлекеттин милдеттенмеси).

Бейтарап мамлекеттин укуктары жана милдеттери (укуктук макамы) эл аралык документтер (1899-жылы жана 1907-жылы Гаага конвенциясы, 1949-жылы Женева конвенциясы жана башка) менен аныкталат. Бейтарап мамлекеттин аймагы, жарандары жана мүлк-байлыгы кол тийбестик укукка ээ, ошондой эле өзүнүн бейтараптык абалын куралдуу коргоого укуктуу. Бейтарап мамлекетке согушуп жаткан тараптардын тигил же бул жагына жардам, колдоо көрсөтүүгө, өз аймагы аркылуу согуш күчтөрүн өткөрүүгө, согуш объектилерин курууга, согуш отряддарын түзүүгө, согушка алып келүүчү саясатты жүргүзүүгө болбойт.

Швейцария (1815-жылдан); Австрия (1955-жылдан), Мальта (1981-жылдан) өлкөлөрү бейтарап мамлекеттердин катарына кирет. Курамына 100дөн ашык мамлекеттерди камтыган блокторго кошулбоо кыймылы — позитивдик бейтараптыктын түрлөрүнүн бири. Саясий плюрализм, көп партиялуулук шарттарындагы саясий турмушта жанасаясий күрөштө нейтралитет кеңири колдонулат.

Булактар түзөтүү