Немчинов, Василий Сергеевич

Немчинов, Василий Сергеевич [2(4). 1. 1894, азыркы Пенза обл., Пенза р-ну, Грабово кыш.— 5. 11. 1964, Москва] — сов. экономист жанa статист. СССР ИАнын (1946), БССР ИАнын (1940), ВАСХНИЛдин (1948) акад. 1940-жылдан КПСС мүчөсү.

1917-ж. Москва коммерция институтунун экон. бөлүмүн бүткөн. 194048-ж. К. А. Ти­мирязев атн. Москва а. ч. академиясынын директору. 194963-ж. Өндүргүч күчтөрдү изилдөө б-ча советтин пред-ли. 1947-жыллдан КПСС БКга караштуу Коомдук илимдер академиясынын саясий экономия кафедрасы- нын проф. 1958-ж. СССРдеги алгачкы экон.-матем. изилдөө лабор-ясын уюштурган. 1953—02-ж. СССР ИАнын Президиумунун мүчөсү. 195359-ж. СССР ИАдагы экономика, философия жанa укук илимдер бөлүмүндө акад. секретарь. Негизги эмгектери сов. статистиканын теориясы менен практикасына, опдүргүч күчтөрдүн өнүгүшү менен коомдук структурасына, пландуу чарбанын үлгүсүн иштеп чыгууга, экон. баалоо маселелерине арналган. Эл аралык статистика институтунун анык мүчөсү (1958), Англ, король статис­тика коомуна ардактуу мүчө (1961). Лениндик сыйл. лауреаты (1965).

Үч Ленин ордени, башка 3 орден жанa металдар менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.