Неокантчылык – 20-кылымдын башында И. Канттын философиясын кайрадан ырааттуу иштеп чыгууга умтулган агым. О. Либмандын «Кантка кайрылгыла!» (1865) урааны бир топ өлкөлөргө тараган. Н-тын чыгышына И. Мюллер, Г. Гельмгольц жана башка физиолог илимпоздордун тышкы сезим жөнүндөгү талдоолору түрткү болгон. Г. Коген Кантты «оңдоп», ырааттуу, логикалык, гносеологиялык окуу катары көрсөтүүгө тырышкан. Н-ты марксчыл философиянын негиздерин ревизиялоо үчүн пайдаланышкан жанамарксизмди аны мененбириктирүүгө аракеттенишкен. 1980-жылдары Н-тын Баден мектеби пайда болуп, анын көңүлүнүн борборунда гуманитардык проблема, эң оболу тарыхый таанып билүү турган. Өкүлдөрү: В. Виндельбанд, Г. Риккерт илимдерди изилдөө объектиси боюнча (жаратылыш жана рух жөнүндө) эмес, илимдерди изилдөө методу боюнча: табият таануу илимдери жана мадабият жөнүндөгү илимдер деп бөлүштүрүүнү сунушташат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү