Эгинден жакшы түшүм алуу оңой эмес: аны зыянкечтерден сактоо керек, күндүн ысык-суугунан коргоо зарыл, анан чиритпей сактоо. Мына ушундай көйгөйлөрдөн оңой кутулуу үчүн дыйкандар жер семирткич катары нитратты кенен колдонушат. Негизи нитрат ар бир жашылча-жемиштин курамында болууга тийиш. Бирок ал өлчөмүнөн ашыкча болгондо ден соолукка олуттуу зыян келтирет. Нитратка ууланганда адам ал азыкты жегенден 5-6 саат­тан кийин биринчи белгилер байкала баштайт: көңүлү айланып, терисине кызыл бүдүрлөр чыгат. Бул абалды баш айлануу, алсыздык, желке жактын катуу оорушу коштойт. Нитрат өзгөчө жаш балдар, кош бойлуу айымдар үчүн кооптуу. Нитратты көп кабыл алган адам бара-бара нерв, жүрөк-кан тамыр ооруларына, атүгүл ашказан рагына чалдыгышы мүмкүн.

Кошулмалар

Биз пайдаланган азыктардын ар биринин курамынан эмульгатор, стабилизатор, консерванттар жана жыттуу кылуучу ароматизаторлор бар экенин окууга болот. Булар тамак-аштын көпкө сакталышы жана сапатын жогорулатуу үчүн колдонулат. Жогоруда аты аталган кошулмалар тизмеги боюнча Е катарына кирет. Кыргызстанда Е тизмегине кирген кошулмалардан Е 212 кызыл цитрус боёгуна, Е 123 амарант боёгуна, Е 249 формальдегид консервантына, Е 924 ундун жана нандын сапатын арттыруучу бромат калий жана кальцийине тыюу салынган. Бул кошулмалар адамдын организмине, өзгөчө мээнин иштешине терс таасирин тийгизип, анын иштөө жөндөмдүүлүгүн акырындык менен жайлатат. Андыктан, кандай азык алсаңыз да мына ушундай белгилердин жоктугуна көңүл буруңуз.

Азыкта нитрат бар экенин кантип аныктоого болот?

- Жашылча-жемиштерди алып жатканда эң чоңдорун алууга кызыкпаңыз. Андай жагымдуу көрүнүштөгү чоң азыкта сөзсүз нитрат бар.

- Өңүнө маани бериңиз. Алып жаткан жемишиңиздин өңү ачык жана жагымдуу өңдө болсо анда ал зыяндуу жер семирткичтер менен азыктандырылган.

- Картошкадан башка жашылчаларды көпкө сактаган учурда нитраттар көбөйөт. Себеби, күн нурунда көпкө туруп калган жашылчалардын кабыгы өзүнө керексиз заттарды сиңирип алат.

- Нитрат баарынан көп чогулган жашылчалар капуста, картошка, ашкабак, сабиз, бадыраң, дарбыз, коон болуп эсептелинет.

Үй шартында азык-түлүктөрдүн нитратын азайтуу үчүн:

- Колдоно турган бардык азыктарды дыкаттык менен тазалап жууп, андан соң кабыгын аарчып салса нитрат 15 пайызга азайган болот.

- Картошка, сабиз, кызыл кызылча жана капустанын нитратын азайтуу үчүн 1-2 саат сууга салып коюу керек.

- Картошка же сабиздин жашыл тартып калган жери болсо ал жерде уулуу соланин заты орун алган болот.

- Жаңы сыгылып алынган ширелерди ошол замат ичүү сунушталат. Антпесе ал канчалык көп сакталса курамында нитрат ошончолук көбөйө берет.

Интернеттеги шилтемелер

http://www.lady.kg/node/331(жеткиликсиз шилтеме)