Ногой түзөтүү

Эпизоддук кейипкер. Манастын чоң атасы. Ногой кан «Манас» эпосунун бардык варианттарында (кээде ногой, сары ногой эли) туруктуу түрдө айтылат. Ч. Валиханов жазып алган эпостун үзүндүсүнө Көкөтөй Ногой элинин аксакалы болуп баяндалат. Айрым варианттарында (СОВ): «Ордосу Талас, башы Чүй, Ногойдун жүз миң үй болгон» (СО, 1. 178,117)- деп сүрөттөлөт. Эпосто Ногой кан Манас баатырдын чоң атасы аталат да, өз мезгилинин баатыр адамы жана уруу аксакалы катары сүрөттөлөт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Манас энциклопедия II., Манастын сюжети – ярупа. Бишкек, 1995