Нура (дарыя) - Казак ССРиндеги дарыя, Ка­раганды жана Целиноград областтарынын аймактары аркылуу агат.

Уз. 978 км, алабынын аянты 60 800 км2. Казак Сары-Арка дөңсөөлөрүнөн башталып, Теңиз көлүнө куят. Булак жана жаан-чачын сууларынан куралат. Жылдык орт. чыгымы Целиноград шаарынын тушунда 14,2 м/сек. Ноябрдын башында тоңуп, апрелде муздан арылат.

Башкы куймалары: Ашы-Суу, Шерубай-Нура, Чоң-Кундуздуу. Нурагы суу сактагычтар: Самаркан (Ка­раганды жанa Темир-Тоо шаарларын суу менен камсыз кылат), Самара (сугатка пайдаланылат).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.