Нурбеков Кубанычбек [1928, Талас району, Кум-Арык (мурдагы Пик) айылы — 1985, Бишкек (сөөгү Кум-Арыкка коюлган)] — юрист, юридика илимдеринин доктору (1968), профессор (1970).

1951-ж. Ташкен мамлекеттик укук институтун бүткөн.
1955-жылдан СССР ИАнын Мамлекет жана укук институтунун аспиранты.
1956-73- ж. Бишкектеги Укук мектебинде жана КМУнун юридика факультетинде окутуучу, доцент жана кафедра башчысы, 1973—85-ж. Кыргызстан ИАнын философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, социалисттик закондуулук жана укук сезими проблемалары секторунун жетекчиси.
Нурбеков кыргыз укук таануу илимин негиздөөчүлөрдүн бири, кыргыздардан чыккан юридика илиминин туңгуч доктору. Анын илимий изилдөөлөрү кыйла көп тарамдуу.
Нурбеков укук жана мораль маселелерин, укуктук проблемалардын мораль менен ажырагыс байланыштыгын изилдеген, граждандык укук менен уголовный укуктун жоболорун иштеп чыккан, укук бузуунун социалдык маңызын жана элементтерин, алардын пайда болуу себептерин жана өнүгүү өзгөчөлүгүн ачып берген.
Ал Республикадагы юрист-теориячылардын алгачкыларынан болуп көз карандысыз демократиялык-укуктук мамлекет принцибине таянып, Кыргызстандын суверендүү өнүгүүсүнүн илимий-укуктук концепциясын сунуш кылган. Укук маселелери боюнча бир катар монографиялардын, окуу китептеринин автору.
Нурбеков эмгектеринде улуттун өз тагдырын өзү чечүү укугу саясий гана эмес, экономикалык, социалдык-саясий, аймактык мааниге да ээ экендигин көтөрүп чыгышы учурунда олуттуу каталык катары бааланып, «Улутчул» деген жалаа жабылган (1972-жылдан баштап). Анын ысмы менен туулган айлындагы мектеп аталган.

Орус жана кыргыз тилдериндеги эмгектери түзөтүү

Возникновение Киргизской Советской национальной государственности, Фр., 1964;
История государства и права Киргизской ССР (1918—1936), Фр., 1965, 1970 (окуу китеби);
Эркин Республикалар Союзунда, Фр., 1980;
Государственно-правовое строительство Кыргызстана, Фр., 1981.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.А.Асанов. - Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. - 544 стр., илл., карты. (ISBN 5-89750-142-4).
  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.