Боромбай уулу Нурдин

Нурдин Молдо (Боромбай уулу Нурдин)‎»‎ барагынан багытталды)

Нурдин Молдо, Боромбай уулу Нурдин (1S86, Ак-Талаа району, Ак-Чий деген жер — 1919, ошол эле жер) — акын.
Саяк уруусунун өйдөчекти уругунан. Кат билген билимдүү, тубаса ырчылык ышкысы бар, өзгөчө дин жөнүндө көп ырдаган күчтүү акындардан болгон. Айрым маалыматтарга караганда көп эл чогулган жыйындарда, өнчөй жаштар, келин-кыздар катышкан аш-тойлордо төгүп ырдап, ал түгүл көпчүлүк алдында айтыштарга да түшкөн. Ырларын комуздун коштоосунда жеке өзүнө мүнөздүү обон менен нөшөрлөтө куюлуштуруп төккөн.
Анын чыгармалары кийин обончу Калмураттын ырдоосунда элге жайылган. "Беш-Кол көпүрөсү", "Нуркожо", "Айтылуу", "Өлүм алдында" аттуу ырлары айыл арасында ооздон оозго көчүп ырдалган. "'Молдо Нурдин" аталып диний көз караштагы ырларды көп жаратканына байланыштуу Совет доорунда ага тыюу салынып, чыгармалары толук жыйналбай калган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.