Нурманбетов Тынчтыкбек Асанкулович

Нурманбетов Тынчтыкбек Асанкулович (1953-жылдын 10-мартында Таш-Көмүр шаарында туулган) - кыргыздын заманбап жазуучусу, журналисти жана коомдук ишмери.

Сыйлыктары жана ыйгарылган наамдары түзөтүү

Т.А.Нурманбетов 1953-жылдын 10-мартында Кыргызстандын Таш-Көмүр шаарында кенчинин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.
1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Ал 1980-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун жана 1988-жылдан бери Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Т.Нурманбетовго Улуттук журналистиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наам ыйгарылган. 1987-жылдан бери “Кырчын” (мурдагы “Жаш ленинчи”) журналынын башкы редактору.

2011-жылдан бери Бишкектеги Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору.

2014-жылдын май айынан бери Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары. Белгилүү журналист, публицист.

Сыйлыктары жана ыйгарылган наамдары түзөтүү

В.И.Ленин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына Кыргыз ССР Министирлер Советине караштуу кесиптик-техникалык билим берүү боюнча Комитети тарабынан өткөрүлгөн республикалык фестивалдын лауреаты (май, 1970)

“Советтик Армиянын гвардия отличниги” төш белгиси (23.02.1977)

Кыргыз ССР агартуу министрлиги, агартуу, жогорку мектеп жана илимий мекемелердин кызматкерлеринин просоюзунун республиканын Комитетинин Ардак грамотасы (03.05.1982).

Педагогикалык алдыңкы тажрыйбаларды республиканын мектептерине кеңири тараткандыгы үчүн “Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги” деген наамга татыктуу болгон (1982).

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тил” төш белгиси менен сыйланган (2008).

 

2011-жылдан Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору. Таш-Көмүр шаарынын социалдык экономикалык жана маданий жактан өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн Т.Нурманбетовго “Шаардын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылган (20.12.2013).

 

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу жана КР коомдук телерадиоуктуруу Корпорациясы биргелешип уюштурган “Беш акын” теледолбоорунун жыйынтыгында (2015) Т.Нурманбетов жигердүү чыгармачылыгы үчүн ТҮРКСОЙдун артыкчылыктуу сыйлыгына татыктуу болгон.

ЭлТР элдик телерадио берүү Корпорациясы Т.нурманбетовду төкмө акындардын өнөрүн өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн “Ак таңдай” төш белгиси менен сыйлаган (29.08.2015).

Республикалык көп тармактуу Жетиген журналынын редакциялык кеңешинин чечими менен Т.Нурманбетовго 2016-жылдын “Мыкты акыны” ардактуу наамы ыйгарылган.

Т.Нурманбетов акын Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты (17.04.17).

Басмадан жарык көргөн китептери түзөтүү

  • Мекен мээри Фрунзе шаары, “Кыргызстан” басмасы, 1985-ж., тиражы 2000, 

көлөмү 2 басма табак, 52 бет.

  • Эл деми. Фрунзе шаары, “Адабият” басмасы, 1990-ж. тиражы 4000, 

көлөмү 3 басма табак, 76 бет.

  • Таш-Көмүр табы. Бишкек шаары, “Техник” басмасы, 2002-ж., тиражы 2000,

көлөмү 4 басма табак, 120 бет.

  • Азаптын элүүнчү Бишкек шаары, “Бийиктик” басмасы, 2009-ж., көлөмү 20 басма табак,

ыры 315 бет.

  • Таш-Көмүр табы (толукталып, экинчи басылышы) Бишкек шаары, “Бийиктик” басмасы,

2011-ж., тиражы 1000, көлөмү 10 баса табак, 159 бет.

  • Касиет Бишкек шаары, “Бийиктик” басмасы, 2013-ж., тиражы 1000,

көлөмү 10 басма табак, 148 бет.


Чыгармалары жарык көргөн китептер түзөтүү

  • “Жалын” (адабий альманах).

“Кыргызстан” басмасы, 1981-ж., 103-107 бет.

  • Кемибес кенч Бишкек шаары, “Улуу тоолор” басмасы, 2015-ж., тиражы 1000,

көлөмү 25 басма табак, 375 бет.

  • Акындын ыры, Бишкек шаары, “Улуу тоолор” басмасы, тиражы 300, 2016-ж.
  • Тагдырдын сыры 23 басма табак, 355 бет.

Ал тууралуу адабият түзөтүү

“Жалал-Абад облусу” (2004-жыл) жана “Аксы району” (2008-жыл) деген энциклопедиялык басылмаларга Т.А.Нурманбетовдун өмүр таржымалы, үзүрлүү чыгармачылыгына арналган материалдар жарыяланган. [1]

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Макаладагы ички шилтемелер түзөтүү

  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2019.