Нымдоо – суюктуктун катуу нерсе же башка суюктуктар менен тийишкен чегиндеги кубулуш. Суюктуктун берилген нерсени нымдоосу же нымдабоосу суюктук менен катуу нерсенин молекулаларынын ортосундагы өз ара тартышуу күчтөрүнө көз каранды. Эгерде суюктуктун молекулаларынын өз ара тартышуу күчү суюктук менен катуу нерсенин молекулаларынын ортосундагы өз ара тартышуу күчүнөн кичине болсо, суюктук катуу нерсени нымдайт. Термодинамикалык көз караш боюнча нымдоонун чени катары чектик бурч (и) кабыл алынган. Катуу нерсеге тамчылатылган суюктук анын бети боюнча жайылат жана бир аз убакыттан кийин тең салмактуулукка келет, токтойт (мисалы, чиймеде О чекити). Бул тең салмактуулук шарты: F =F .соs+F (1). Мында – чектик бурч катуу нерсе менен суюктук бетине жүргүзүлгөн жанымалар арасындагы бурчка барабар; Fкг, Fсг, Fкс – тиешелүү фазалар ортолук беттин беттик тартылуу күчтөрү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү