Обишир маданиятыОбишир үңкүрүнүн аты менен аталган мезолит дооруна (б. з. ч. 9–6-миң жылдык) таандык археологиялык маданият. Күлдүн калдыктары, оттук таштан жасалган тери иштетүүчү куралдардын түрү, шибеге жана сөөктөн жасалган кооздуктар табылган. Обишир мергенчилери аркар, теке, жейрен, элик жана каманга аң-чылык кылышкан. Борбордук Фергананын түздүгүндөгү таандык жайлардан нуклеустар, микропластиналар табылган. Айрым турак жайларда жебелер, чөп орууга ылайык таш ороктор кездешет. Негизги куралы жаа жана жебе болгон. Иштетилген тери, булгаарылар кийим жана тери идиштерин жасоого жумшалган. Үй тиричилигинде жыгач, сөөк, мүйүздү иштетүү орчундуу орунду ээлеген. Тургундары жарым көчмөн турмушта жашашып, табигый үңкүрлөрдү турак жай катары пайдаланышкан. Түзөң жерлерде жеңил алачыктарды курушкан деп да божомолдошот. Ошондой белгилер Ферганадан тышкары аймактарда кездешпейт.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.