Община (жамаат) 1. Жалпы кызыкчылыгы бар кишилердин бирикмеси. Мисалы, айыл общинасы, жердештик общинасы, диний общиналар жана башкалар. 2. Көптөгөн өлкөлөрдө - эң төмөнкү административдик-территориялык бирдик. 3. Тарыхый-этнографиялык мааниде - алгачкы общиналык түзүлүшкө жана капитализмге чейинки коомдо (кошуна же дыйкандар общинасы) мүнөздүү болгон өндүрштүк жана социалдык-турмуштук өзүн-өзү башкаруусу эсептелет. Бул негизги эки тарыхый типтен сырткары, соңку изилдөөлөр көптөгөн типтерди, формаларды көрсөтүшөт, бирок жалпы кабыл алынган типтештирүү жана ага байланышкан терминология жок. Алгачкы коомдогу община өз алдынча социалдык организм болгон жана ал таптар пайда болгонго чейинки теңчиликке негизделген, бирок ал анын коомдук эволюциясынын бардык топторунда бирдей болгон эмес. Ыйгарым чарбасы менен жашаган алгачкы коомдун эрте мезгилинде негизинен общинада жашоого зарыл болгон гана азык-түлүк табышкан, ошондуктан общинада жалпы менчик жана теңдеп бөлүштүрүү үстөмдүк кылган. Общинанын мүчөлөрү коомдук продуктыны бөлүштүрүүдө тең укукка ээ болушкан Өндүргүч чарбага же жогору адистешкен ыйгарым чарбасына өткөн алгачкы коомдун кечки мезгилиндеги общинада салыштырмалуу регулярдуу артыкбаш азык-түлүк жаралат, ошондуктан коллективдүү менчиктин шартында жекече жана эмгекке жараша бөлүштүрүү пайда болот. Общинанын көлөмү чоңоет, ичинде кичине община (үй-бүлөлүк община жана башкалар) пайда болот, мүлктүк теңсиздиктин жана эксплуатациялоонун баштапкы формалары жаралат. Апгачкы коомдогу общинанын пайда болуу мезгили жана структурасы жөнүндө көз караштар көп жана ар түрдүү, ал көбүнчө община менен уруктун жана түгөйлүү үй-бүлөнүн кандай даражада катыштыгы бар деген маселеге байланыштуу болот. Мурдагы советтик этнографияда алгачкы коомдун өнүккөн мезгилинде община андан соңку доордогу бир урук менен дал келет - деген көз караш үстөмдүк кылган. Ошондуктан аны урук общинасы деп атап, эрте жана кечки урук общиналарына ажыратышкан. Кошуналык (аймактык) же дыйкан общинасы - жеке менчикке негизделген таптык коомдун социалдык организминин эң төмөнкү ячейкасы. Изилдөөчүлөр общинанын табиятына мүнөздүү дуализмди көрсөтүшкөн: общинаны түзгөн обочолонгон үй-чарбалардын өз менчигинде короосу, эмгек шаймандары, малы бар, бөлүнгөн чарба жүргүзүлөт, бирок тигил же бул деңгээлде жерге жалпы менчик (кийинки мезгилде талаа, шалбаа жана башкалар) сакталып турат. Негизги экономикалык ячейка болуп община эмес, дыйкандардын үй-чарбасы эсептелет, бирок ал общинадан сырткары жашай албайт. Кчшуналык община мамлекеттин жалпы системасына киргизилген; бирок өз алдынча башкарууну жана адат укугун сактап калган. Көбүнчө ал материалдык маданиятында, элдик чыгармачылыгында, сыйынууда белгилүү өзгөчөлүккө да ээ. Көлөмү боюнча кошуналык община бир нече жүз, ал турсун миңдеген кишиге жетиши мүмкүн; мындай учурда, адатта, андан тууган үй-чарбалык тобу - патронимиялар бөлүнөт. Община үстөмдүк кылуучу тап тарабынан эксплуатацияланат, бул максатта кепилдикке алуу сыяк- туу общиналык өзгөчө тартиптер да пайдаланылат. Көпкө чейин мындай өтмө тип катары үй-бүлөлүк община каралып келген. Бирок үй-бүлөлүк община өзү башка типтеги общиналардын ичинен бөлүнүп чыгат. Азыркы илимде алгачкы коомдогу кошуналык же гетерогендик община деп аталган типти общинанын өтмө тиби катары көрсөтүү үстөмдүк кылат. Анын мүнөздүү белгилери: общинаны түзгөн үй-чарбалардын мүлккө топтун обочолонгон менчигинин болушу (общиналык мүлктөн башка, бирок үй-чарбалык ичинде жалпы). Өтмө типтеги община, адатта, көп уруктардын калып калган мүчөлөрүн бириктирет, ошондуктан, аны гетерогендик (түрдүү уруктан турган) деп аташат. Тарыхый типтештирүүлөрдөн башка общинаны чарбалык-маданий типтерге байланыштуу (башка белгилер боюнча да) да классификациялашат: отурукташкан дыйкандардан же дыйкан-магнаттардын жер иштетүүчү (айыл) общинасы, көчмөн жана жарым-көчмөн малчылардын көчмөн общинасы, жогору адистешкен аңчылар менен балыкчылардын промыселдик общинасы жана башкалар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү