Обь – Батыш Сибирдеги дарыя. Дүйнөдөгү ири дарыялардын бири; суусунун молдуулугу боюнча Түндүк Азиядагы Енисей, Ленадан кийинки 3-дарыя. Алтайдагы Бий жана Катын дарыясынын кошулушунан түзүлүп, Батыш Сибирь түздүгү аркылуу жайык өрөөн менен көп салааларга бөлүнүп агат. Кара (Карск) деңизинин Обь колтугуна куярда аянты 4 миң км2 келген дельтаны пайда кылат. Узундугу 3650 км (Иртыштын башталышынан 5410 км), алабынын аянты 2990 миң км2. Негизги куймалары: Томь, Чулым, Кеть, Тым, Вах ж. б. (оң); Васюган, Чоң Юган, Иртыш, Түндүк Сосьва ж. б. (сол). Орточо чыгымы Барнаул шаары тушта 1420 м3/секдан, Салехард шаары тушта 12 300 м3/сек, эң көбү 42 800 м3/сек. Негизинен кар суусунан куралат. Суусу жогорку агымында апрелден июлга, төмөнкү агымында сентябрга чейин ташкындайт. Жылына 16 млн т шиленди агызып келет. Жогорку агымы ноябрда тоңуп, апрелде, төмөнкү агымы июндун башында ачылат. Кеме жүрөт. Обь дарыясында Новосибирск ГЭСи жана суу сактагычы курулган. Алабынан Барнаул, Камень-на-Оби, Новосибирск, Колпашёво, Стрёжевой, Нижневартовск, Мегион, Сургут, Нефтеюганск, Лабытнанги шаары орун алган.

Обь
Новосибирск
Новосибирск
ОМСР 13010200312115200000019, 14010100112115300000010 и 13010500112115200000019
Обь.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү