Огарков, Николай Васильевич

Огарков, Николай Васильевич (17 (30). 10. 1917 - 23 январь 1994, Москва ) — сов. аскер начальниги.

  • Советтик Союз. Маршалы, Советтер Союзунун Баатыры (1977). 1945-жылдан КПСС мүчөсү. 1938-жылдан Кызыл Армияда.
  • 1941-ж. В. В. Куйбышев атн. Аскер-инженер академиясын, 1959-ж. Генштаб аскер академиясын бүткөн.
  • Улуу Ата Мек. согушта Батыш, Карел, З-Украин фронтторунда салгылашып, полкто, оригадада, дивизияда инженер бол­гон. Согуштан кийин штабдык жооптуу кызматтарда.
  • 1955-жылдын ноябрынан Ыраакы Чыгыш аскер округунун штаб начальнигине орун басар. 1959-ж. мотоаткычтар дивизиясына командир.
  • 1961-жылдан Белорус аскер округу­нун штаб начальниги — командачынын биринчи орун басары.
  • 1965-ж. декабрдан Приволжье аскер округу­нун командачысы. 1968-жылдын апрелинен Генштаб начальнигинин би­ринчи орун басары.
  • 1974-жылдан СССР Коргоо министринин орун баса­ры.
  • Огарков 1966-жылдан КПСС БК мүчөлүгүнө кандидат, 1971-жылдан мүчө.
  • СССР Жог. Советинин (7—10-шайл.) депутаты. Ленин ордени, Кызыл Туу, 1—2-дараж. Ата Мекендик Согуш, 2 Кызыл Жылдыз ордендери жанa медалдар, ошондой эле чет элдик 5 орден менен сыйланган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.