Атай Огонбаев

(Огонбаев, Атай барагынан багытталды)

АТАЙ Огомбаев (1900, азыркы Талас р-ну, Көккашат айылы – 1949, Талас ш.) – ырчы, комузчу, күүчү ж-а обончу, Кыргыз ССР эл артисти (1939). Токтогулдан таалим алган. 20-жылдары алгачкы обон-күүлөрүн чыгарып, Талас дубанына атагы дайын өнөрпоз болгон. 1935-ж. Кыргыз мамл. драма театрына кирип, 1936-ж. Кыргыз мамл. филармониясына солист катары которулат. 1939-ж. А. филармонияда комузчулар ансамблин уюштурган. Ансамбль Москвада өткөн эл аспапчыларынын Бүткүл союздук кароосуна катышып, лауреа-ты болгон. 1940-ж. СССР композиторлор союзунун уюштуруу комитети ачкан демилгелүү композиторлордун (элдик күүчүлөрдүн ж-а обончулардын) курсунда окуган; музыканын теориясы м-н таанышып, С. С. Прокофьев, В. М. Глиэр сыяктуу белгилүү композиторлордон сабак алган. 1947-ж. өз айлында жаштардан комузчулар ансамблин уюштурган.

АТАЙ элдик обондордун салттык негизинде бир канча лирикалык ырлар жараткан. Анын «Күйдүм чок», «Эсимде», «Гүл», «Ой, булбул», «Жаштар» сыяктуу лирикалык ырлары угуучуларга кеңири малым; «Ак Зыйнат», «Куралай», «Майчач» сыяктуу элдик ырларды да чеберчилик м-н аткарган. А. Токтогул, Ныязаалы, Айдараалы ж.б. күүлөрүн чеберчилик м-н аткарып, элге жайылткан. Аткаруучулук бай техникасы, таасирдүү ыкмалары, оригиналдуу музыкалык ыргактарды таба билиши өнөрүн өзгөчө түскө ээ кылган. Композиторлор В. В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере А-дын «Күйдүм чогун» «Айчүрөк» операсында Айчүрөктүн лирикалык темасына пайдаланышкан, ал эми «Эсимденин» обону В.Ференин «Кыргызстан» аттуу симфониясына лейтмотив катары кызмат кылган. Композитор А.Түлеев залкар комузчунун күүлөрү м-н обондорунун негизинде «Атай» аттуу симфония (1962) жазган. А.О. Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери, медалдар м-н сыйланган. А-дын ысмы айрым кыштак, мектеп ж-а шаар көчөлөрүнө берилген.


Пайдаланылган адабиятттар:

Булак 1: Кыргыз Инфо Булак 2: Биздин