Озокерит (гр. ōzōn – жыттанам жана kērōs – мом), тоо мому – табигый нефть битуму; өтө каныккан углеводороддордун аралашмасы. Жогорку эригичтик касиетке ээ, катуу углеводдор менен алардын суюк аралашмасынан турат. Түсү ачык жашыл, сары, күрөң. Тыгыздыгы 1000 кг/м3ге чейин, керосин жыттанат, отко күйөт. Курамында 84–86% кычкылтек, 13,5–15%ке чейин суутек бар. Эрүү температурасы 52–85°С. Бензин, керосин, бензолдо эрип, суу, спирт, кислотада эрибейт. Озокериттин пайда болушу нефть кени менен байланыштуу. Нефть топтолгон тектердеги тарамдарда жана кабатчаларда кездешет. Кыргызстандагы озокерит кендери Риштан, Майлы-Сууда кездешет. Парфюмерия жана лак-боёк үчүн сырьё; ошондой эле медицинада колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү