Ока-Дон түздүгү, Тамбов түздүгү Россиянын европалык бөлүгүндө. Орто Орус жана Волга бою дөңсөөлөрүнүн, Ока жана Дон дарыясынын аралыгында жайгашкан. Жеринин бети жайпак, дөбө-дөңсөөлүү, тектирлүү. Бийиктиги 180 мге чейин. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 450– 500 мм. Токойдун боз жана кара топурак кыртыштары мүнөздүү. Токойлуу талаа ландшафты кеңири тараган. Ока-Дон түздүгү – Россиянын европалык бөлүгүнүн айыл чарбасы өнүккөн маанилүү аймагы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү