Оксимдер – альдегид жана кетон менен гидроксиламин (NH2 OH) аракеттенишүүсүнөн пайда болгон бирикмелер. О. сууда начар, органикалык  эриткичттерде жакшы эрүүчү түссүз суюктуктар же кристаллдар. О. минералдык к-талар суу эритмесинде ысытканда баштапкы карбонил бирикмелерине ажырайт. Альдоксимди дегидратациялаганда – нитрилдер, калыбына келтиргенде биринчилик аминдер алынат. О. карбонилдик бирикмелерди бөлүп алууда, тазалоодо, индентификациялоодо жана сандык жактан аныктоодо, ошондой эле кээ бир синтезде аралык зат катары, циклогексанон оксими капрон чыгарууда, диметилглиоксим, никелди аныктоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү