Олёкма – Чита, Амур облусу жана Якутия аймактары аркылуу аккан дарыя, Лена дарыясынын оң куймасы. Узундугу 1436 км, алабынын аянты 210 миң км2. Олёкма-Становик тоосунан башталып, Олёкма-Чара тайпак тоосунун чыгыш тарабы менен агат. Нугу босоголуу. Негизги куймалары: Тунгир, Нюкжа (оң), Чара (сол). Орточо чыгымы 1950 м3/сек. Жайында суусу кирет. Октябрдан июнга чейин муз каптайт. Чатынан 406 кмге чейин кеме жүрөт. Тунгир дарыясынын чатынан баштап сал агызылат.

Олёкма
ОМСР 18030400112117200009486

Колдонулган адабияттар түзөтүү