Он буттуу рак сымалдар
Он буттуу рак сымалдар (лат. Decapoda) — рак сымалдуулардын түркүмү.
Дөө крабдын уз. 3 .иге, Мадагаскар дарыя рагынын тулкусунун уз. 80 смге жетет. Алардын жүрөк сегменттери баштын жаак сегменттери менен биригип өсүп, денеси калканча менен капталган.
Көкүрөгүндөгү алдыңкы 3 жуп буттары жаак-буттарга айланып, азыгын кармоого ылайыктанган. Кийинки 5 жуп буту менен жылат. Аты ушундан улам келип чыккан.
Биринчи 3 жуп басуучу буттарынын учунда кыпчууру болот. Курсак буттары сууда сүзүү, кээ бирлеринде көбөйүү функциясын аткарат.
Айрым жыныстуу; эркеги ургаачысынан чоң жанa күчтүү. Жумурткадан личинка же кай бирлеринен кичине рак чыгат. Бул түркүмдө 8500 түр белгилүү, негизинен тузсуз сууда ж-a кургакта жашайт. Россия жана КМШ өлкөлөрүндө деңиздер түрлөргө бай. Алар өсүмдүк жанa омурткасыздар менен азыктанып, өздөрү — балыктар менен калак буттуулардын жеми.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
- А. А. Алдашев. Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү. - Бишкек, 1998. ISBN 9967-11-027-9