ОН ОК БОДУН – «он ок», «он уруудан куралган эл, калк». Он ок эли Батыш Түрк кагандыгынын (581–746) калкынын өзөгүн түзгөн. Жазма маалыматтарда он октордун башчысы «каган» деп аталган. Он ок бодун ошондой болуп аталышы кыргыздардын курамында (кушчу уруусунун ичинде) сакталып калган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.