Оогандар (өздөрүн паштандар, жекелик санда пуштун; чыт. Оогандар - пахтандар жана пухтун дешет) -улут, Ооганистандын калкынын теңинен көбү (8,5 млн. 1970-жылдын аягы).

Отурукташкан Оогандар негизинен сугат жер дыйканчылыгы менен кесип кылышат. Айрымдары токой чарбачылыгында, өнөр жайда жана курулушта иштешет. Көчмөн жана жарым көчмөн А. (2,5 млн-чо) кой, уй, жылкы, төө багышат. Ооганистанда уруулук бирикмелер ушу кезде да бар. Алардын эң ирилери-Дуррани жана Гильзаи уруулары. Оогандардын чыккан теги али жетиштүү тактала элек. Оогандар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар 6-кылымга таандык. Ал даректерде А. Сулайман тоолорунун жан жакаларында жашагандыгы көрсөтүлөт. 14-15-кылымда алар Пешавар өрөөнүндө, андан соң Дир, Сват жана Баджаур облустарына жайгашышкан. 16-17-кылымда ар түрлүү ооган уруулары ооган эли болуп калыптанган. 1747-ж. Ахмадшах Дуррани көз каранды эмес Ооган мамлекетин негиздеген (к. Дуррани державасы).

Ооган элинин улут болуп калыптанышы узак убакытка созулган. Ооган улутунун калыптануу процессине Англиянын колониялык саясаты, Афганистанда фарс тилинин бирден-бир мамлекеттик тил болуп сакталып келиши (1936-жылдан баштап Оогандардын улуттук пухту тили да мамлекеттик тил деп жарыяланган) да жолтоолук кылган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.