Башбаракты ачуу
Орган (1985).

Орган (гр. organon — курал, аспап, шайман) — клавиштүү үйлөмө музыкалык аспап.

Ал металлдан, жыгачтан түрдүү узундукта жасалган түтүктөрдөн жана пневматикалык системадан, о. эле регистрлерди өзгөртүүчү жанa клавиатураларды бир бирине улаштыруучу механизмдерден турат.

Органда 1–7 мануал (ар биринде 72 клавиштен), бут менен басчу педаль жана бир нече миң түтүк (добуш чыгаруу куралы) болот. Орган-тектеш аспаптар – волынка, байыркы кытай шэни, европалык Пан флейтасы. 14-кылымдан 18-кылымдын ортосуна чейин орган батыш Европага алгач чиркөөлөрдө хорду коштоо максатында пайдаланылып, кийин жарандык аспап катары кеңири тараган. Соңку убакта камералык, симфониялык музыканын өнүгүшүнө байланыштуу анча көп колдонулбайт. Орган көбүнчө жеке аткарылат.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7