Ордо – 1) түрк тилдүү элдерде орто кылымдардагы уруу төбөлүнүн, кол башчысынын, бектин жана кагандын (хандын) байтактысы, борбору. Ордо көчмө (убактылуу) же туруктуу түрдө болгон. Көчмө ордо боз үйдөн же аба ырайынын шартына жараша алтын саймалуу ак чатырдан турган, коштун ортосундагы ыңгайлуу же бийик (көрүнөө) жерге тигилген. Мындай ордо аскер жүрүштөрүндө же бир жерден экинчи жерге журт которууда ыңгайлуу болгон. Туруктуу ордо согуштук-саясий жактан маанилүү шаарларда орун алган. «Ордо» сөзү «борбор» маанисин туюнтат (мисалы, Ордо Балык – «Борбор шаар», «Алтын ордо» – «Алтын борбор» ж. б.); 2) Орто Азиядагы байыркы шаарлардын аталышы. Балыкооздун санжырасында кыргыздардын Сыр-Дарыянын жээгине он эки капкалуу Ордо шаарын («Ороздун ордосу») кургандыгы, ошондой эле Ал-Макдиси боюнча Талас, Чүй сууларына жакын аймакта он эки дарбазалуу ордо (Урду) шаары жайгашкандыгы, Махмуд Кашгариде Баласагуни шаарынын тегерегинде ордо (Орду) шаары болгондугу эскерилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү