1925 - жылы 15 - июнда Тянь - Шань районуна караштуу Куланак айылында төрөлгөн. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин 1942 - жылы согушка чакырылган. Пенза шаарында согушка даярдалып 1942 - жылдын аягында биринчи Украина фронтуна кабыл алынып, согушка кирген. 1943 - жылдын аягында катуу жарадар болуп, 1944 - жылы Куланак айылына кайтып келген. Согуштагы эрдиги үчүн I, II, III даражадагы "Кызыл жылдыз" ордендери менен сыйланган жана 6 медалдары бар.

1945 - жылдарда Преживалдагы алты айлык бух - учёт курсун бүтүрүп, Куланак колхозунда бухгалтер болуп, 1946 - жылдарда Тогузторо районунда рай.фин бөлүмүндө начальник болуп иштеген. 1950 - 1954 - жылдарда Куланак районунда инструктор болуп, 1954 - 1960 - жылдарда Куланак айылындагы Димитров колхозунда башкы бухгалтер, 1960 - 1970 - жылдарда ушул эле колхоздо башкарма, парткомдун башчысы. 1970 - 1975 жылдарда Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Башкы бухгалтер, башкы экономист кызматтарында иштеген. 1987 - жылы ардактуу эс алууга чыккан. Пенсиядан кийин Куланак айылындагы Учкун сельсоветинин председатели болуп 1989 жылга чейин иштеген. 10 уул, 3 кыздын атасы. 1989 - жылдарда Куланак колхозунда юрист болуп иштеп турган. 1992 - жылы 1 апрелде каза болгон.