Орок тумшук чулдук (Ibidorhyncha struthersii), (Vigors, 1832):

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Борбордук Азиянын эндемиги. Кыргызстанда Борбордук, Ички, Түндүк Тянңшанң жана Алай бийик тоолорунда жашайт; Батыш Тянңшанда болбойт. Уялоочу жерлери белгилүү: Чоңкемин, Чоңаксуу, Каркыра, Сарыжаз, Түргөн Аксуу, Каракол, Арашан, Жетиөгүз, Алабаш өрөөнү, Нарын, Атбашы, Аксай, Каракужур, Арпа, Алай .

Жашаган аймактары түзөтүү

Деңиз деңгээлинен 2000-3000 м бийикте көптөгөн тоо таштуу дарыялардын аралчалары.

Саны түзөтүү

Кыргызстанда орок тумшук чулдуктун саны 23-25 жуптан ашпайт деген болжол бар. Акыркы жылдары жүргүзүлгөн эсеп боюнча көптөгөн тоо дарыяларда 100 жуптан кем эмес. Кыргызстанда жашашы белгилүү, ошонун ичинен эң чоң популяциясы Чоңкемин (20,22 жуп), Каркыра менен Алабаш өрөөндөрүндө 6-9 жуп, калган жерлерде 1-3төн жуп . Чоңкемин популяциясы боюнча салыштырмалуу маалыматтар көрсөткөндөй 4 жыл бою анын санынын туруктуулугу байкалат . ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Май-июнң айларында көбөйүү мезгили, суу аралчаларына майда таштардан уя салат. Уясында 4, же 3 жумуртка, эркеги менен ургаачысы алмак-салмак басып чыгарат . Түр канаттуулардын, ийнеликтердин, капталдап сүзгүчтөрдүн личинкасы жана башка суудагы омурткасыздар менен азыктанат . Отуруктуу куш, кышында уялоочу жеринде же суунун ылдый жагында кездешет.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Суулардын багыты, табигый жана жасалма гидрологиялык режиминин өзгөрүлүшү, өзгөчө уялоо мезгилинде. Уялоонун ийгиликтүү бүтүшүнө кечки кар менен коштолгон үшүктүн жүрүшү жагымсыз шарттардын бири болуп эсептелет. Суу аркылуу малды айдап өткөндө малдын тепсендисинде жана балапандарына иттин кол салышы да жагымсыз фактор . Элдин куштардын тынчын алышы, сагызгандын, кара карганын жана башка куштардын орок тумшуктун уяларын талкалоосу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Сарычат-Эрташ коругунун, Каракол жана Чоңкемин Улуттук жаратылыш парктарынын территорияларында коргоого алынган. Казакстан менен Тажикстандын Кызыл китептерине киргизилген.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Каркыра суусу боюнча сезондук чек аралык (Казакстан менен бирге) заказник уюштуруу, себеби ал жерлерде республика боюнча орок тумшук саны боюнча экинчи орунду ээлейт.

Статусу түзөтүү

V category, Vulnerable, VU: R, D 1. Саны анча көп эмес стенобионт, жашаган жерлери бузулса, жоголуп кетүүгө коркунуч туулат. Азиянын тоолуу аймактарында бир типтеги уруунун бир өкүлү. Монотиптүү түр.

Колдонулган адабияттар түзөтүү