Өзбекстан улуттук университети

Орто Азия коммунисттик университети‎»‎ барагынан багытталды)

Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университети (өзб. Mirzo Ulugʻbek nomidagi Oʻzbekiston Milliy Universitet) — Орто Азияда эң эски Советтик университет[1]. Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайы. 1918-жылы Ташкенде Элдик университет катары негизделип[1], 1920-жылдан Түркстан университети, 1923-жылдан Орто Азия коммунисттик университети деп аталган. 1954-жылы В.И. Лениндин ысымы берилген. Бул университетке Орто Азиядагы жергиликтүү улуттардын өкүлдөрү кабыл алынып, жогорку квалификациялуу партиялык, советтик, профсоюздук, комсомолдук адистер жана журналисттер даярдалган. Кыргызстандан да партиялык, советтик, коомдук көп жетекчилер тарбияланып чыккан. 1960-жылдан 2000-жылга чейин Ташкен мамлекеттик университети. Ошол эле 2000-жылы бул окуу жайга улуттук университет макамы берилип[2], окумуштуу Улугбек ысымы ыйгарылган.

Булактар түзөтүү

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  1. 1.0 1.1 Национальный университет Узбекистана имени Мирзо Улугбека(жеткиликсиз шилтеме)  (орусча)
  2. УзУУ тарыхы Archived 2012-10-20 at the Wayback Machine  (орусча)

Тышкы шилтемелер түзөтүү