Осмон Дөөлөтү (ески түркчөсүндө: دولت عالیه عثمانیه (Devlet-i Âliye-yi Osmâniyye) жаңысында:Osmanlı Devleti, Osmanlı İmparatorluğu) (1299-1922) - көп улутту жана көп диндүү түрк мамлекети. Өзүнүн чарыктуу шыңында (16-17 кылымдар) ал үч куралыкта (континентте) жайылып, Түштүк Чыгыш Европада, Орто Чыгыш жана Батыш Түштүк Африканын бөлүмдөр кирген, батыштагы Гибралтар кысыгы (ал 1553-жылы Гибралтардын ар жагында Морокконун Атлант мухитине чейин) чыгыштагы Каспий деңизи менен Парсы чыканыгына чейин, Түштүк Чыгыштагы Австрия менен Словакиянын чегаралары менен Украинанын айрым аймактары, Түндүк Чыгыш Судан, Эритрея, Сомали менен Йеменге чейинки аймакты камтып жаткан.
Бул дөөлөт алты кылым бойу Чыгыш жана Батыш дүйнөлөрүнүн карым-катнаш жашасынын бел ортасында болуп келди. Кудурэтин чарыктуу шыңында Осмон дөөлөтү 29 аймактан туруп, ага баш ийишкен Молдавия, Трансильвания жана Валахия княздиктери алым-салык төлөшчү. Бүгүн Стамбул деген ат менен белгилүү Константинополис борордук калаасы болуп калган Осмон дөөлөтүнүн көп жагынан жероотродеңиздик , атап айтканда Рим жана Византия дөөлөттөрүнүн исламдык мурагери деп аталчы.