Павильон (латынча papilio – чатыр) – 1) табият менен айкалышта салынган чакан жана жеңил конструкциялуу курулуш. Чыгыштын көптөгөн храм жана сарай имараттары Павильон сыяктуу курулат. Европада (17–18-кылымдарда Англия, Франция, 18–19-кылымдарда Россияда) Павильон сарай-парк ансамблинин ажырагыс бөлүгү болгон; 2) чоң имараттын өзүнчө чатыры бар бөлүгү; 3) көргөзмө экспозициясы, кино тартуу, соода, көргөзмө ж. б. үчүн курулган туруктуу же убактылуу курулуш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү