Башбаракты ачуу

Падышалык Россиянын Кыргызстандагы колониялык саясаты

Падышалык Россиянын Кыргызстандагы колониялык саясаты – падышалык Россиянын ички жана тышкы саясатынын бири. Падышалык Россиянын Кыргызстандагы колониялык саясатына Россия менен Англиянын ортосундагы саясий атаандаштык, Крым согушундагы (1853-56) Россиянын жеңилиши, Дыйкандар реформасы (1861) ж. б. түрткү берген. Мисалы, Крым согушуна чейин Россия пахтанын басымдуу бөлүгүн АКШдан алып турса, Канзаста башталган Жарандык согушка байланыштуу 1854-ж. ал токтоп калган. Текстиль өнөр-жайына керектүү жибек, пахта өндүрүүчү Орто Азия негизинен сырьёлук база болуп эсептелген жана Түркстан крайында 1 пуд пахтанын баасы 3,50-5,60, буудай 0,90-1,50, тыйын болуп, 1908–16-жылдары Түркстандан Россияга жалпы 120 млн пуд эгин, 1907–10-жылдары жылына 466 миң пуд эт (1911-ж.,1 млн), 1880–1916-жылдары бардыгы 70 млн пуд көмүр, 24,5 млн пуд нефт ташылып чыккан. Сырьёну өстүрүү (казуу), иштетүү, жыйноо жана Россиянын борбордук райондоруна жеткирүү, керектүү материал же товар менен камсыз кылуу талабына ылайык соцалдык, инженердик, транспорттук ж. б. инфраструктураны түзүү маселеси чыккан. 1867-ж. мартта император (1855–81)Александр II согуш министри Д. А. Милютин башында турган Өзгөчө комитет (мүчөлөрү: Оренбург генерал-губернатору Н. А. Крыжановский, Башкы штабдын начальниги Ф. Л. Гейден, Азия департаментинин директору П. С. Стремоухов, генерал-майорлор М. Г. Черняев менен Д. И. Романовский ж. б.) түзүп, жаңыдан басып алган жерлерди башкарууну уюштурууну тапшырган. Ошол эле жылы апрелде комитет төмөнкү жоболорду иштеп чыккан: 1) Оренбург генерал-губернаторулугунан Түркстан облусун бөлүү; 2) Жети-Суу жана Сыр-Дарыя облусунан турган Түркстан генерал-губернаторулугун. түзүү; 3) жаңы түзүлгөн крайга өз алдынча аскер округун ачуу; 4) жарандык жана аскер бийлигин бириктирип, генерал-губернатордун колуна берүү (б. а. жаны администрациялык бирдик Согуш министрлигинин карамагына өткөн) ж. б. жобону иштеп чыккан. Д. А. Милютиндин сунушу менен жаңы уюшулган крайга генерал-губернатор болуп К. П. фон Кауфман дайындалып, 1867-ж. 17-июлда жарыяланган падышанын манифести боюнча ага чексиз ыйгарым укук (мисалы, саясий, чек ара, соода маселелерин өз алдынча чечүү; ошол өлкөлөрдүн бийлик өкүлдөрү менен мамиле түзүү, өкүлчүлүгүн кабыл алуу ж. б.) берилген. Облустун башында аскер губернатору туруп, ал дипломатиялык мамиле жүргүзүү укугунан тышкары облустагы бардык бийликке ээ болгон. Облустар уездге, уезд болуштукка же участкага бөлүнгөн. 1864-ж. европалык Россияда жүргөн сот реформасына ылайык уезддик сот, убактылуу аскердик-сот комиссиялары жана Канцеляриянын алдында сот бөлүмү ачылып, болуштуктагы, уезддеги 100 сомго чейинки доо шайланма казылар соту, болуштук же уезд аралык талаш-тартыштар эл сотунун чукул чакырылган съезди аркылуу чечилген. Алгачкы мезгилде Падышалык Россиянын Кыргызстандагы колониялык саясаты прогрессивдүү роль ойногон. Улут жана уруулар аралык чыр-чатактарга бөгөт коюлуп, чек ара коргоого алынган; жолдор салынып, почта, телеграф ж. б. курулган; сабатсыздыкты жоюу, дүйнөлүк илим-билим менен кабардар болушу кыргыздарга он таасир тийгизген. Бирок, Орто Азияны, анын ичинде Кыргызстанды колониялаштыруунун бирдиктүү планы болбогондуктан, ал учурундагы ички-тышкы кырдаалга жараша ишке ашкан. Алгачкы мезгилде Россиянын борбордук бөлүгүнөн жана Украинадан көчүрүлгөн орус, немец, украин ж. б. келгиндерди жайгаштырууну падышалык өкмөт тарабынан дайындалган жергиликтүү администрация ишке ашырып, иштетүүгө керектүү жерлер казак-орустарга берилген. 1869-ж. кабыл алынган «Убактылуу жобо» боюнча Кыргызстанга келген ар бир эркек бүлөгө 30 теше жер берилип, 15 жылга алык-салык жана милдеттүү төлөмдөн бошотулса, жергиликтүү калк земстволук салыктан тышкары түтүн башына жылына 10–30 сом төлөп, Россиянын Биринчи дүйнөлүк согушка (1914–18) киришине байланыштуу 1914-жылдан аскерге чакырылбаганы үчүн кошумча 1,84 сом ж. б. киргизилиши менен 1916-жылга карай салык жылына 17–47 сомго жеткен. Орус дыйкандары бир теше жер үчүн 66 тыйын салык, 90 тыйын оброк төлөп, земство салыктарын кошкондо 10 теше жерге жылына 10–12 сом берген. 1892-ж. кабыл алынган Түркстан крайын башкаруу жобосуна (270-статья) 1910-ж. кошумча киргизилип (120-статья), ага ылайык Жети-Суу, Акмоло, Урал, Торгой, Семипалатинск облусунда ашык жер болсо Мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагына өткөрүүгө уруксат берилген. Бул жобо мыйзамды айланып өтүүгө жол ачкан [мисалы, 1910-11-жылдарга карай 1 291 305 теше (айдоо, чабынды, жайыт) «ашыкча жер табылып», келгиндер фондусуна сунушталган]. Падышалык Россиянын Кыргызстандагы колониялык саясаты Россиядагы Октябръ революциясына (1917) чейин уланган.

Колдонулган адабияттарОңдоо