Палеоантропология – антропология илиминин бир бөлүгү; казмадан табылган адамдардын – архантроп, палеоантроп жана байыркы неантроптун дене түзүлүшү менен эволюциясын изилдей турган илим. Палеоантропологиялык изилдөөлөр палеолит доору менен азыркы адамзат расалары биротоло калыптанган неолит доорун камтыйт. Палеоантропологияны кийинки тарыхый мезгилдерде жашаган байыркы адамдардын сөөк калдыктарын изилдөөгө колдонуу ылайыксыз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү