Панегирик (грекче panegyrikos logos – мактоо сөз) – мактоо сөз. Ода жанрына жакын. Панегирик жыйын-тойлордо кудайлар менен баатырларды мактап сүйлөө иретинде Грекияда б. з. ч. 5-кылымда эле пайда болгон. Панегирик адабий жанр катары Кайра жаралуу доорунда калыптанган. Чыгыш адабиятында Панегирик поэтикалык форма катары байыртан (б. з. ч. 3-миң жылдыктан бери) белгилүү. Фарси адабиятында (Рудаки, Саади) анын касыйда, казал түрүндөгү классикалык формалары жаралган. Панегирик түрүндөгү китептер Россияда 17-кылымдын 2-жарымынан чыга баштаган. Панегирик кийин пародиялык мааниге өтүп кеткен, адам мактоого татыбаса деле ашкере мактап жиберген учурлар Панегирик болуп калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү