Пантотен кислотасы — В тобундагы витамин; дипептид. Айбанат жана өсүмдүк клеткасында А коферментинин составына кирип, зат алмашууга катышат.

Киши күнүнө тамак-аш менен 5—10 мг II. к-н керектейт. Айбанат жана өсүмдүктөрдөн алынган азык-түлүктө көп болот. Пантотен кислотасы ичеги-карында да синтезделип, организмде жетишпесе зат алмашуу бузулуп, дерматит пайда болот. Чач, жүн, канаттар, түшүп, өсүү токтойт, арыктайт, муундун, нерв системасынын, жүрөктүн, бөйрөктүн иши бузулат. Медицинада дары катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.