Папирус (лат. Cyperus papyrus, L. 1753) — ыраңдар тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. Сабагынын узундугу 5 м, учунда чатырчадай чоң топ гүлүжайгашкан. Үч кырдуу, калың жалбырагы түбүнөн өсүп чыгат. Папирус Африкада суунун жана көлдүн жээгинде, жай аккан сууларда өсөт. Анын сабагынан тамак, кездеме, бут кийим жана башка жасалат. Папирус кооздук үчүн да өстүрүлөт.

Папирус.

Байыркы заманда жана орто кылымдын башында Папирус өсүмдүгүнөн даярдалган жазма материал, ошондой эле ал материалдагы кол жазма (к. Па­пирология). Байыркы Египетте б. з. ч. З-миң жылдыктын башында пайда болуп, б. з. ч. 1-миң жылдыктын ортосунан Жер Ортолук деңиздин баш­ка өлкөлөрүнө тараган. Визге египет, грек, латын, көптөгөн араб жана башка Папирустар жеткен. Папирустун көбү Египетте табыл­ган.

Кээде Папирустун түрмөгүнүн узундугу 45 метрге жеткен. Папирус кээде кара жана кызыл боёктор (кийин- черээк сыя) менен жазылган. Китай­да б. з. 8-кылымында кагаз колдонула баштаганы менен, Египетте б. з. 9-кылымында да Папирус пайдаланышкан. Папирустун текстин папи­рология, египет (таануу жана семитология изилдейт. Папирус— Байыркы Египеттин, ошондой. эле ан­тичтик дүйнөнүн тарыхын, маданиятын, чарбасын изилдөөдө бирден бир маанилүү дарек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.