Папуа-Жаңы Гвинея

Папуа — Жаңы Гвинея‎»‎ барагынан багытталды)

Папуа-Жаңы ГвинеяОкеаниядагы мамлекет. Тынч океандын түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашып, Жаны Гвинея аралынын чыгыш бөлүгүн жана ага жакын жайгашкан аралдарды, Бисмарк архипелагын, Соломон аралынын түндүк бөлүгүн (Бугенвиль, Бука аралдарын), Д’Антркасто аралын ж. б. жерлерди ээлейт. Арафура, Коралл, Соломон жана Жаңы Гвинея деңиздери жана Тынч океан чулгайт. Австралиядан Торрес кысыгы аркылуу (туурасы 160 км) бөлүнөт. Кургактык аркылуу Индонезия менен гана чектешет. Аянты 462,8 миң км2. Калкы 7,3 млн (2013); калкынын негизин папуастар түзөт, ошондой эле меланезиялыктар, микронезиялыктар, полинезиялыктар да жашайт. Расмий тили - англис тили, ток-писин жана хири-моту тилдеринде да сүйлөшөт. Динге ишенгендердин көбү - христиандар, калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Шаар калкы 15,2%. Борбору – Порт-Морсби. Административдик-аймактык жактан 4 регионго, алар 22 провинцияга бөлүнөт. Акча бирдиги – кина.

Папуа-Жаңы Гвинея.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2011) Папуа-Жаңы Гвинея Бириккен Улуттар Уюму (1975), Эл аралык валюта фонду (1975), Эл аралык финансы корпорациясынын (1975), Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюмунун (1975), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1975), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1996) мүчөсү.

Шериктештиктеги конституциялык парламенттик демократиялык республика. Мамлекет башчысы - Улуу Британия королевасы, анын атынан өлкөнү генерал-губернатор башкарат. Аткаруу бийлигин премьер-министр (Улуттук аткаруу кенеши) жетектейт. Мыйзам чыгаруу бийлиги бир палаталуу Улуттук парламентке же Чогулуштар үйүнө таандык. Папуа-Жаңы Гвинеяда көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары: Элдик прогрессивдүү партия, Папуа-Жаңы Гвинея улуттук партиясы, Биримдик партиясы, Пангу-Парти ж. б.

Папуа-Жаңы Гвинеянын аймагынын көпчүлүк бөлүгү тоолуу. Алар океан деңгээлинен 1000 м бийиктикте жатат (айрым жерлери 4500 мге жетет). Көптөгөн жанар тоолор бар, алардын 18и аракеттеги. Түштүгүн кенен ойдун ээлейт. Өлкөнүн эн бийик жери - Вильгельм чокусу (бийиктиги 4509 м). Кыйраткыч жер титирөөлөр болуп турат. Климаты тропиктик, нымдуу. Жыл бою температура анча деле өзгөрбөйт. Суткалык орточо температура 26°С. Аралдын жээктери ысык. Жылдык жаан-чачыны 2500-3000 мм. Дарыялары жыш. Жаныбарлар менен өсүмдүктөргө бай жана ар түрдүү. Өсүмдүктөрдүн 20 миңден ашык түрү кездешет. Дарыя жээктеринде мангр түнт токою (өтүүгө мүмкүн эмес), жапайы бал камыш, саздак жерлеринде саго пальмасы өсөт. Фаунасында сүт эмүүчүлөр менен курт-кумурскалар басымдуу. Бандикут (баштыкчан кашкулак), валлаби (даракчы кенгуру), жапайы чочко, келемиш, талаа чычканы кенири таралган. Суу жээктеринде жыландар (анын ичинде уулуу), крокодилдер жана таш бакалар кездешет. Балыктар быкылдайт. Куштардан бейиш чымчыгы, казуар, үкүлүү көгүчкөндөр, тоту куштар мекендейт.

Папуа-Жаңы Гвинея аймагын байыртадан папуастар жана меланезиялыктар мекендеп, аң уулап, жемиш жыйнап, урук чогултуп, жыйноочулук жана балык уулоо менен кесиптенген. Папуа-Жаңы Гвинеяны 1526-ж. португалиялык дениз саякатчысы Жоржи де Менезеше ачкан. 19-кылымда аралга европалыктар келе баштаган. 1824-ж. Голландия Жаңы Гвинея аралынын батыш бөлүгүн ээлеген. 1884-ж. 3-ноябрда аралдын түндүк-чыгыш бөлүгү германиялык Жаны Гвинея протектораты болуп жарыяланган. Ошол эле жылдын 6-ноябрында аралдын түштүк-чыгыш бөлүгү Британия Жаны Гвинеясы аталып, Улуу Британияга караган. 1885-ж. апрелде Соломон аралынын түндүк бөлүгү (Бука, Бугенвиль, Щуазёль, Шортленд, Санта-Исабель аралдары, Онтонг-Жава же Лорд-Хау атоллу) Германия протектораты, 1899-жылдын 14-ноябрынан Германия Жаңы Гвинеясы. Британия Жаңы Гвинеясы 1906-ж. 1-сентябрда Австралия союзуна өтүп, Папуа аталган. 1914-ж. 11-ноябрда Германия Жаңы Гвинеясын Австралия басып алып, Түндүк-Чыгыш Жаны Гвинея деп атаган. 1920-ж. 17-декабрда Австралия Түндүк Чыгыш Жаны Гвинеяны башкарууга Улуттар Лигасынан мандат алып, аны Жаны Гвинея аймагы деп атаган. 1942-ж. 21-январда Жаңы Гвинея аралына япондор кол салып, Австралия Папуа жана Жаңы Гвинея аймактарын бириктирип (1942-ж. 10-апрель), Папуа-Жаны Гвинея аймагы атаган. 1973-ж. декабрда Папуа-Жаңы Гвинея өзүн өзү башкаруу укугуна ээ болуп, 1975-ж. 16-сентябрдан көз карандысыз мамлекет. 1988–97-жылдары Бугенвиль аралы Папуа-Жаңы Гвинеядан бөлүнүү талаптары менен согуш ачкан, бирок аны Папуа-Жаңы Гвинея өкмөтү куралдуу күч менен токтотуп келүүдө.

Экономикасында жаратылыш байлыктарынын мааниси чоң. Жез, алтын, нефть кенин сатуудан киреше арбын түшөт. Ички дүң продукциясынын (ИДП) көлөмү 14,4 млрд АКШ долларын түзөт (2009). Андагы өнөр-жайдын үлүшү (% менен) 37 (анын ичинде 29у тоокен өнөр-жайына туура келет), айыл-чарбасыныкы 33, тейлөө чөйрөсүнүкү 30. Алтын, күмүш, жез жана цинк казылып алынат. Жыгаччылык, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Аралда кокос пальмасы, банан, кофе, какао, коон дарагы, тамыры жемиш өсүмдүктөр (таро, ямс, батат, маниок ж. б.) айдалат. Эт багытындагы мал асыралат. Балыкчылык өнүккөн. 1994-ж. 1,8 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун узундугу 19,7 миң км. Сыртка тоо кен өнөр-жайынын продукцияларын, тропика жыгачтарын, кофе, какао, алтын, пальма майын, копра чыгарат. Негизги соода шериктери: Австралия, Япония.

Колдонулган адабияттар түзөтүү