Параллелепипед (грекче parallclos – параллель жана epipedon – тегиздик) – карама-каршы грандары түгөйлөш параллель алты грандык. Параллелепипеддин 8 чокусу, 12 кыры бар. Анын грандары түгөйлөш барабар параллелограммды элестетет. Эгер Параллелепипеддин каптал кырлары (грандары) негизинен перпендикуляр болсо, анда ал тик Параллелепипед деп (мында 4 каптал граны тик бурчтуу); ал эми тик Параллелепипеддин негизи тик бурчтук болсо (6 граны тик бурчтуу), ал тик бурчтуу Параллелепипед деп аталат. Параллелепипеддин бардык грандары квадратты түзсө, анда ал куб болот. Параллелепипеддин көлөмү анын бийиктиги менен негизинин аянтынын көбөйтүндүсүнө барабар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү