Партитура (италянча partitura – бөлүү, бөлүштүрүү) – оркестр, хор, камералык ансамбль ж. б. үчүн жазылган көп үндүү чыгарманын бардык партияларынын жыйынтыкталып, нотага түшүрүлгөн түрү. Партитура бир мезгилде бардык партияда аткарылып жаткан добушту байкоого мүмкүндүк берет. Партитура жазуу 16-кылымдын ортосунда Италияда пайда болгон. Бара-бара Партитурада добуштарды жайгаштыруунун белгилүү тартиби калыптанган. Вокалдык чыгарма Партитурасында добуш жогорудан төмөн карай (сопрано, альт, тенор, бас) жайгашат. Симфониялык оркестр Партитурасында музыкалык аспап партиялары тобуна карата үйлөмө, урма, кылдуу (ар бир топто добуш бийиктигине карай жайгаштыруу тартиби бар) деп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү