Патагония

түштүк Америкадагы тарыхый аймак.

Патагония (Patagonia) – Түштүк Америкадагы табигый облус; Рио-Колорадо жана Рио-Негро дарыясынан түштүк, Анд тоолорунун чыгыш жана Аргентинанын түштүк тарабында жайгашкан.

Чили Патагония Аргентина
Патагониянын туусу.

Сепаратисттик Патагониянын туусу.

Негизги маалыматОңдоо

Аянты : 1,043,076 км2 (402,734 чарчы миль), Калкынын саны : 1,999,540 киши, Жыштыгы: 1.9/км2 (5.0/чарчы миль), Тилдери : Чилиялык испан тили, Риоплатен испан тили, Мапудунгун, Вельш тили

 
Патагоника биокартасы.

КлиматыОңдоо

Атлантика океанынын батышты карай 2200 мге чейин тектирленип көтөрүлгөн плато ээлейт. Мелүүн жарым чөл климаты мүнөздүү. Жылдык жаанчачыны 150-300 мм чейин; катуу шамал болуп турат. Платону дарыялар терең каньондор менен кесип өтөт. Ири көлдөрү: Науэль-Уапи, Вьедма, Лаго-Архентино ж. б. Дан өсүмдүк-бадалдуу жарым чөл басымдуу. Кой чарбасы өнүккөн. Патагония деп 1520-ж. Ф. Магелландын экспедициясы атаган.

 
Кырка-зоолор, Патагония Улуттук Паркы (ПУП)

Колдонулган адабияттарОңдоо