Пахлаван Пурдун бакчасы باغ پهلوان پور түзөтүү

Мэхриздин, Мазвир Абад аймагында жайгашкан Пахлаван Пур бакчасы Кажарлар династиясынын доорунун акырына таандык. Бул бакча Ирандын бирден-бир улуттук тарыхый калдыгы катары 1381-жылы 7-мехр (2002- жылдын 29 сентябрь айында) 6334 каттоо номуру менен катталган. Пахлаван Пур бакчасы анын ичинен суу агып чыгып турганы менен илгертеден бери өзүнө өзгөчө кызыкчылыкты арттырып келген. Суунун башы атактуу “Хасан Абад” булагынан башталып, ошол аймактагы башка бир дагы бакчаны аралап өтпөстөн, жалгыз гана Пахлаван Пур бакчасына түз куят. Хасан Абад суу түтүкчѳсү ошол тарапта ѳскѳн чынар дарактарын суугарат. Бул бакчага, жогоруда айтылган суу түтүкчѳсүнѳн сырткары, Шах Хусейни жана Мазвир Абад деп аталган эки суу агымынан суу агып келет. Бакчанын 16 суу укугу (суунун сарпталышы жергилүктүү Йезддиктердин сѳзүндѳ хакабе же суу укугу деп аталат) 12 күндѳ бир гана жолу берилет. Суу укугунун мѳѳнѳтү 10 дон 11 мүнѳткѳ чейин созулуп, аны сабу деп аташат.

Пахлаван Пур бакчасынын негизги жолунун эки тарабында абдан чоң жана кѳп жылдык чынар теректер жайгашкан. Бакчада анар, бадам, хурма сыяктуу мѳмѳ дарактары да бар. Бул дарактар, Йезд шаарынын аба ырайынын дээрлик ысыктыгын эске алып, аба ырайы андан айырмаланган абасы салкын жерде өстүрүлөт. Пахлаван Пур бакчасын архитектуралык жактан караганда Ирандын байыркы бакча куруу ыкмасынан азыркы белгилүү бакча куруу ыкмасына ѳтүп жаткан учур байкалат. Бул бакча ичине бир толук комплекс, тактап айтканда кире бериш, сарай курулушу (Кушак) же кампа, кышкы үй имараты, короо, мончо жана ашкананы камтыйт. Анын архитектуралык стили бакчанын негизги борбордук бөлүгүнөн орун алган архитектуралык Кушактан жана борбордук короодон турат да бакчадагы суу да так ошол жерден агып өтөт. Андан сырткары суунун негизги агымы башка эки агым аркылуу дагы ѳтѳт. Суунун негизги өзөгүнөн тышкары, дагы эки суу өзөгү жайгашып, алардын так ортосундагы ажайып кооз жерге Араи бакчасы жайгашкан, андыктан жолдун эки тарабын бир калыпта кооздо максатында, андагы эки көчөгө тике бак дарактар тигилген. = Бакчанын кире беришинде бийик имарат, малсарай жана үймѳк чѳптѳр жайгашкан. Бийик имараттардын кооздоп салынышы Кажар династиясынын доорунда курулганына карабай Зенд династиясынын доорундагы имараттардын кооздогону менен курулушуна окшоштугу бар. Кушак бакчасы же Шербет хане андагы эң бир кооз имарат болуп саналып, бакчанын негизги борбордук бѳлүгүндѳ жайгашкан.

Дээрлик үч деӊгээлде (эки жарым кабат) курулган Кушак бакчасынын курулушу Кажар династиясынын дооруна таандык. Кушактын ич жагында ортосунда суусу бар бир чоң зал жана капталдарында бөлмөлөр жайгашкан. Хасан Абад суу түтүгү Кушактын ортосу менен агып өтүп бакчага куят. Аталган комплексте жайгашкан имараттардын дагы бир белгилүүсү үй имараты болуп саналып, анын курулушу Пахлавинин дооруна таандык. Имараттын белгилүү болушунун негизги өзгөчөлүгү, андагы аба ырайын эске алып, кышында кыштоо үчүн ыңгайлашып салынышы. Бул имарат бир кабаттан туруп, өзүнө бир канча даараткана, ашкана жана башка бѳлмѳлѳр камтыйт. Бул бакча маркум соодагер жана Йезддин баатыры “Али Пахлаван Пурдун” мүлкү болуп эсептелген. Акыркы учурдагы казуу иштеринин натыйжасында топурактын алдынан Кушак бакчасынын жанынан ашкана, мончо жана кампа жайгашкандыгы табылган. Бакчанын дагы бир белгилүү имараттары болуп жумушчулар эс алчу жана иштөөчү имараттары болгон, ал бакчанын түндүк тарабынан орун алган.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • irandesert.com сайтынан алынды
  • Иран архитектуралык тарыхынын энциклопедиясы. Иран маданий мурастары жана туризм уюму.