Пахмутова Александра Николаевна

Александра Николаевна Пахмутова - орустун таланттуу композитору. Александра Пахмутова 1929-жылы 9-ноябрда Волгоград областынын Бекетовка кыштагында туулган.

Билими түзөтүү

1953-жылы Москва консерваториясын В.Я.Шебалинден композиция классын, 1956-жылы аспирантураны бүткөн.

Кызматы түзөтүү

1968-жылдан СССР композиторлор союзунун башкармасынын секретары болуп иштеген.

Эмгектери түзөтүү

Ал айрыкча ыр жанрында жемиштүү эмгектенип "Гагариндин топ жылдыздары" деген Н. Добронравовдун вокалдык циклине музыка жазган. Таланттуу композитор өзүнүн чыгармачылык максатын жаштар менен байланыштырган. Анын "Опурталдуу жаштык курак жөнүндөгү ыр" деген чыгармасы жаштарды толкундаткан турмуш, жашоо, сүйүү, эмгек жөнүндөгү ой-кыялдар чагылдырылган. "Мен өзүңдү сүйгөнмүн", "Усть-Илимге кат", "Жоокердик" деген ырлары адамдын дилине кандайдыр бир шооланы пайда кылып, жакшылыкка тарбиялап, жашоого болгон кумарын арттырып, сезимиңди байытат. "Геологдо", "Назиктик", "Обон", "Машинист", "Жаш куруучулардын маршы", "Балыкчынын жылдызы" деген ырлары эмгек романтикасын даңазалайт. Александра Николаевна Пахмутова музыка дүйнөсүндөгү мээнетти сүйгөн күжүрмөн,ага зор чеберчилик кайталангыс талант шайкеш келген. Ошондуктан өзүнүн ар бир чыгармасын кынтыксыз сомдоп чеберчиликтин тогуз торкосунан өткөрөт. Ырларды адамдын көңүлүнө бир укканда эле ташка тамга баскандай уюп калат. Сибирдин каардуу катаал табийгатына моюн бербей ГЭСтердин алп курулуштарында, темир жолдорду, шаарларды жаратып жаткан жаштар менен жолугушуп алардын эмгектерин даңазалаган ой-максаттарын чагылдырган эң сонун "Тайгалак жылдыздар" деген циклин жараткан. Балеттин балдар үчүн ырлардын, фильмдердин музыкаларынын,көптөгөн ири симфониялык чыгармалардын автору.

Сыйлыктары түзөтүү

1966-жылы Ленин комсомолу, 1975-жылы СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.Искусствого синирген эмгеги жогору бааланып эки орден менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Берман Б. Композитордун жылдыздуу ырлары // Нарын правдасы.1945.-1-дек.;
  • Гилязетдинов И.Жаштыктын жарчысы //Кыргызстан маданияты.-1970.-7-окт.-№41.-Б.14.