Пестель Павел Иванович [24. 6(5. 7). 1793, Москва- 13(25). 7. 1826, Пе­тербург] — дворян революционер, декабрист, полковник (1821). Дворяндын үйбүлөсүнөн.

  • Дрезденде (1805— 09), Паж корпусунда (1810—11) оку­ган.
  • Ата Мек. согушка (1812), орус армиясынын чет өлкөлөргө жасаган жортуулдарына (1813—14) катышкан.
  • «Аман алып калуу союзу» (1816) менен «Шыргалчылык союзунун» мүчөсү (1818).
  • Декабристтердин туштук коомун негиздөөчү жана жетекчи (1871). Орустун саясий жана филос. оюнун при өкүлү, Түштүк коомдун революциячыл программасы — «Русская правданын» автору. Падышалыкты кулатуу, крепостнойлук укукту жоюу, дыйкандарга жер бөлүп берүүнү жана республикака орнотууну жактаган.
  • Пестельдин программасында белгилүү демократизм элементи бар болгон, бирок социалдык-экон. мааниси боюнча бурж. деңгээлде калган.
  • 1825-ж. бирдиктүү рев-ячыл күрөш жүргүзүү жөнүндө Поль­ша патриоттору менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
  • 1825-ж. 13-декабрда камакка алынып, 4 декабрист менен бир­ге дарга асылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.