Пиридин, С5Р 5N – циклде бир гетероатому бар алты мүчөлүү гетероциклдүү бирикме. Мүнөздүү жыты бар, уулуу, түссүз суюктук; кайноо 1115°С, тыгызд. 0,98 г/см3; суу жана көп органикалык эриткичтер менен жакшы аралашат. Пиридин – начар негиз, галогеналкилдер жана кислоталар менен туздарды, ошондой эле FeCl2, S02, SOs, Br2, H20 менен комплекстүү бирикмелерди пайда кылат. Аромат бирикмелердин касиетин көрсөтөт, бирок бензолдон айырмаланып, электрофилдүү орун алмашуу реакциясына кыйындык менен, ал эми нуклеофильдик орун алмашуу реакциясына оңой кирет. Бензол циклинен айырмаланып, айрым бир реагенттердин таасиринде Пиридин цикли бузулуп, ачык чынжырлуу бирикмеге айланат. Пиридин негизинен таш көмүрдү кургак буулантып айдоодо пайда болгон чайырлардын курамынан алынат. Өнөр-жайыда боёкторду, пестициддерди, дары-дармектерди ж. б. заттарды алууда колдонулат. Жакшы эриткич катары да белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү