Пири жери
Пири жери (англ. Peary Land) – Гренландиянын түндүк четиндеги жарым арал, Түндүк муз океандын суусу менен чулганат. Узундугу 300 кмден ашык. Бийиктиги 1920 жге чейин. Мөңгүлүү. Пири жеринде Гренландиянын эң түндүк чети – Моррис-Жесип тумшугу жайгашкан. Жарым арал 1900-ж. алгачкылардан болуп барган, изилдеген америкалык саякатчы Р. Э. Пиринин урматына аталган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9