Платина кен таштары – курамында казып алууга арзырлык өлчөмдө платина металлдары (платина, палладий, иридий, радий, осмий, рутений) бар жаратылыштагы минерал чогундулары. Жаратылышта платинанын 90дой минералы белгилүү. Алардын көп тараганы: поликсен, ферроплатина, платиналуу иридий, невьянскит, звянгинценит, паоловит, фрудит, соболевскит, плюмбопалладинит, сперрилит. Кендери кездешүүчү өзгөчөлүгүнө карай алгачкы жана чачынды, курамы боюнча жалаң платина жана комплекстүү болуп бөлүнөт. Алгачкы кени платформалуу жана бүктөлүү аймактардагы негиздүү жана ультранегиздүү интрузия тоо тектерде кезигип, дайыма тектоникалык ири жаракаларга жакын жайгашат. Алар ар кандай тереңдикте (0,5-1 кмден 3-5 кмге чейин) жана түрдүү геологиялык замандарда (кембрийге чейинки мезгилден мезозойго чейин) пайда болгону белгилүү. Платина металлдарынын кен ташта таралышы ар түрдүү: жалан платиналуу кенде 2-3 г/тдан бир нече кг/тга чейин, комплекстүү кенде г/тнын 1/10-1/100 үлүшүн түзөт. Платина металлдарын алууда Платина кен таштарынын жез-никель сульфид кендеринин мааниси чоң. Чачынды кени негизинен платиналуу клинопироксенит-дуанит жана серпентингарцбургит интрузия массивдеринин үбөлөнүп талкаланышынан пайда болуп, мезозой жана кайнозойдун элювий-аллювий, аллювий чөкмөлөрүндөгү платиналуу жана осмийлүү иридийден турат. Платина кен таштарынын ири кендери: TAP, Канада, Колумбия, АКШ, РФ ж. б. өлкөлөрдүн аймактарында табылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү