Поливинил спирти – (ПВС) [-CH2CH (OH)-]n, түз карботизмектүү полимер; ак түстөгү катуу зат. Сууда, туздардын суютулган эритмелеринде, май, бензин, керосинде эрибейт. Поливинил спирти өндүрүштө поливинилацетатты метил спиртинин эритмесинде гидролиздөөдөн алынат. Поливинил спирти желим, коюуланткыч, эмульгатор катары, ошондой эле тамак-аш өнөр-жайында жана мед-да колдонулат. ====== Поливинилацетат [-СН2-СН (ОСОСН3)-]пвинилацетаттын полимери. Катуу, түссүз зат. Сууда, минерал майларда, бензинде эрибейт, көпчүлүк органикалык эриткичтерде эрийт. Анын жумшаруу температурасы анча жогору эмес (26-28°С), ТҮРДҮҮ материалдарга жакшы адгезияланат. Өнөр-жайында эмульсия же суспензия абалындагы мономерлерди эркин радикалдык полимерлөө жолу менен алынып, майдаланган (гранул), суудагы дисперсия же эритме түрүндө чыгарылат. Поливинилацетат поливинилацеталды, поливинил спиртин синтездөө, эмульсия сырларын, жыгач, кагаз, булгаары, кездеме желимдерин даярдоо, бетондордун сапатын жакшыртуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү