Полигонометрия (грекче pologonos – көп бурчтуу жана ...метрия) – геодезиялык таяныч торчолорун түзүү үчүн жер бетиндеги чекиттердин өз ара жайгашуу ордун аныктоочу ыкма. Таяныч торчолор топограф. жана маркшейдердик съёмка жүргүзүү, шаар куруу ж. б. иштерде алгачкы маалымат катары пайдаланылат. Таяныч пункттардын жер бетиндеги орду, аралыгы жана бурчтары Полигонометрия ыкмасында өлчөө жолу менен аныкталат. Ал үчүн пункттарды бири бирине түз сызык аркылуу кошуу менен сынык сызыктуу Полигонометриялык жол түзүлүп, 2 сынык сызыктын кошулушундагы бурчту пайда кылат. Пункттардын аралыгы болот же инвар зымы менен өлчөнүп келсе, учурда электр-магнитик аралык өлчөгүч пайдаланылат, бурч теодолит менен өлчөнөт. Полигонометриялык ыкма менен геод. таяныч торчолорун түзүүдө электр-оптикалык тахеометрди пайдалануу сунушталат. Анткени ал бир эле учурда бурчту жана аралыкты автоматтык түрдө каттап, катталган маалыматты жарым-жартылай иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү