Полидактилия (көп манжалуулук) - өсүү кемтиги; бутта же колдо ашыкча манжа пайда болуу.

Полидактилия.

Тубаса кемтиктердин арасынан Полидактилия көп кездешет. Полидактилияга манжалардын эки ачаланып кетиши жана теринин манжага окшошуп калышы да кирет. Алты манжалуулук көп кездешет. Көбүнчө бир аякта 12 - 13 манжадан ашык кездешпейт. Кошумча манжа адатта алакандын же бут кетменинин сырткы же ички жээгинен орун алат да, көпчүлүк учурда кошумча манжа жетилбеген болот. Полидактилияны дарылоодо хирургиялык жол гана колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү