Полимерлөө - мономерлерди ырааттуу кошуу менен ири молекулалуу заттарды (макромолекулаларды) алуу процесси.

Полимерлөө
(Стирол => Полистирол.

Тизмектеги мономерлердин молекулалары макромолекуланын мономер звенолору болот. Ал звенолордун саны Полимерлөө даражасы деп аталат. Полимерлөөгө катышкан мономерлердин санына жараша гомополимерлоо (бир мономер) жана сополимерлер (эки же коп) болуп айырмаланат. Ошондой эле негизги тизмегиннн табигый активдүү борборуна каната: радикалдык Полимерлөө (активдүү борбору- эркин радикал) жана иондук Полимерлөө (активдүү борбору - иондор же уюлдашкан молекулалар) болуп бөлүнөт.

Полимерлөөдө мономерлердин валенттик байланыштары үзүлүп, жаны байланыштар пайда болот. Полимерлөө - уланма реакциянын өзгөчө бир түрү.

Мономер молекулаларында активдүү борбор пайда кылуучу күчөткүчтөр - жылуулук, жарык, электр тогу, иондоштуруучу нурлар жана катализаторлон макромолекуланын осушупо түрткү берет. Радикал менен туруктуу бирикме пайда кылып, реакцияны токтоткон (жайланткан) заттар ингибиторлор деп аталат.

Дагы караңыз түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.