Помазков, Константин Дмитриевич

Помазков, Константин Дмитриевич (1914, Могилев облусу, Славгородский р-ну, Хворостянь кыштагы – 1986, Фрунзе ш.) – геолог, Кыргыз ССР (1972) ж-а СССР мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты (1976). Кыргыз ССРинин геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1974). Москва геол. чалгындоо ин-тун бүткөн (1939). Монголияда иштеген (1939–46). Кыргыз ССР геол. башкармалыгында геол. партиянын начальниги (1946–54), геол. башкармалыгынын ж-а геол. партиялар тобунун башкы геологу (1954–62), Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын начальниги (1962–75). Кыргызстандын кен байлыктарын ачууда ж-а чалгындоодо олуттуу салым кошкон. Кыргыз ССР Жогорку Советине (8-шайл.) депутат. Ленин, Октябрь революциясы ордендери ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү