Помология (лат. pomum - мөмө жана ...логия), сорт таануу - агрономиянын түрдүү райондун чарбаларында мыкты сортторду өстүрүү, жакшыртуу, туура пайдалануу максатында мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторун изилдөөчү тармагы.

Помологияы орус илимпозу жана жазуучусу А. Т. Болотов баштаган. Ал 18-кылымда Помология боюнча 8 томдуу алгачкы эмгек жазган. Россияда В. В. Пашкевич, М. В. Рытов, Л. П. Симиренко сыяктуу окумуштуулар да ири илимий иштерди жүргүзгөн. Помологиянын негизги маселелери - мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторун өстүрүлгөн району боюнча өндүрүштүк-биологииялык изилдөө.

Табигый жана агротехникалык шарттары боюнча суукка, ысыкка, шамалга чыдамдуулугу, сорттун түшүмдүүлүгү, илдетке туруктуулугу ж. б. аныкталат. Район боюнча изилдөөнүн негизинде ар бир жер үчүн ыңгайлуу сорттор сунуш кылынат. Помологиянын негизги маселелеринин бири- сортту класстоо. Көбүнчө экология-географиялык принцип боюнча класска бөлүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.